Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

07 июня 2021

2021-жылдын 7-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бирок талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү добушун алган жок, ошого байланыштуу Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Мааткеримов Улан Абдылдабекович,  Алиев Байышбек Майрамбекович катталган.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү