Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

07 июня 2021

2021-жылдын 7-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу, Ала-Бука районунун Көк-Таш, Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр, Ноокен районунун Достук, Сузак районунун Барпы, С.Атабеков,  Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Камчыбек уулу Шекербек, Баназаров Замирбек Абсатарович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Камчыбек уулу Шекербек Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кашка-Суу айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Азимов Абдибаит Усенбаевич, Кабылов Сакыбек Мамбеталиевич, Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич, Эргешов Алымбек Базарбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Азимов Абдибаит Усенбаевич Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Таш айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.

Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Тагаева Жыпар Маматкаримовна, Аманкулов Казыбек Жолдошбаевич, Өсөров Нурлан Байышович, Арапбай уулу Азим-Шах катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Аманкулов Казыбек Жолдошбаевич Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы добуш беришти.

Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Достук айылдык кеңешинин бардык 21 депутаты добуш беришти.

Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Султанов Шабданбек Камчыбекович, Салиева Айсалкын Пазыловна, Карабаева Гулбарчын Исираиловна, Гайипов Муса Абабакирович, Сайитбеков Нурланбек Авийевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сайитбеков Нурланбек Авийевич Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Барпы айылдык кеңешинин бардык 31 депутатынын 17си добуш беришти.

С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Курбанов Темур Дастанбекович, Калмурзаев Азаматбек Тиллабалдыевич, Шералиев Шухратилла Жунусалиевич, Азимов Равшанбек Гапарович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шералиев Шухратилла Жунусалиевич С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн С.Атабеков айылдык кеңешинин бардык 31 депутатынын 18и добуш беришти.

Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими жана айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Оморов Чынгыз Ашырбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Оморов Чынгыз Ашырбекович Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сумсар айылдык кеңешинин бардык 21 депутатынын 20сы добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү