Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү
07 июня 2021
2021-жылдын 7-июнунда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад шаарынын мэринин кызмат ордуна «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан 1 талапкер – Ормоков Эрнисбек Абдижалилович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ормоков Эрнисбек Абдижалилович Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин 31 депутатынын 29у добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
