Баткеноблусунун Кара-Булакайыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

06 июня 2021

2021-жылдын 6-июнуна дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бирок талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү добушун алган жок, ошого байланыштуу Кара-Булакайыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.

Кара-Булакайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Баткенрайондукмамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн  1 талапкер – Тилеков Искендербек Каттабекович катталган.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү