Баткен облусунун 2 айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
05 июня 2021
2021-жылдын 5-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Масалиев, Марказ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Маматкулов Давронбек Джамшутович, Исраилов КурманбекАсланбекович, Мурзалиев Нурлан Мурзалиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Маматкулов Давронбек Джамшутович Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Масалиев айылдык кеңешинин 21 депутатынын катышкан 13ү добуш беришти.
Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Тургунов Кубанычбек Турабаевич, Эрматов Байсалбек Эрдоолатович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тургунов Кубанычбек Турабаевич Марказ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Марказ айылдык кеңешинин 21 депутатынын катышкан 12си добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
