Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
05 июня 2021
2021-жылдын 5-июнунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң,Күн-Чыгыш, Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Тоң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Байзаков Эркинбек Кубатбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байзаков Эркинбек Кубатбекович Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Тоң айылдык кеңешинин 11 депутатынын катышкан 10 депутаты добуш беришти.
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Монолдоров Саматбек Шаршенбекович, Молдошбеков Адилет Молдошбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Монолдоров Саматбек Шаршенбекович Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.
Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Болтуруков Омурбек Аяпбергенович, Сатыбалдиев Женишбек Болотович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сатыбалдиев Женишбек Болотович Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Түп айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
