Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калды

03 июня 2021

2021-жылдын 3-июнуна дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Бирок талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын алган жок. Ошого байланыштуу айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калды.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мырзабеков Медербек Мамасабирович, Мияшев Курманбек Абдылдаевич жана Карыбеков Кутманали Кудайбердиевич катталган. Добуш берүү 2 турда өттү. Шайлоого айылдык кеңештин 21 депутатынын баары катышты.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Рахманов Дилмурад Дилдорбекович, Маданбеков Бекзат Сайдимаматович жана Токторбаев Махамаджан Асилбекович катталган. Добуш берүү 2 турда өттү. Шайлоого айылдык кеңештин 31 депутатынын баары катышты.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү