Чүй облусунун Кемин жана Орловка шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү

02 июня 2021

2021-жылдын 2-июнунда Чүй облусунун Кемин жана Орловка шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү.

Кемин шаарынын мэри кызмат ордуна Кемин шаардык кеңешинин фракциялар коалициясы тарабынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Абдывалиев Кайрат Замирбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдывалиев Кайрат Замирбекович Кемин шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Кемин шаардык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.

Орловка шаарынын мэри кызмат ордуна Орловка шаардык кеңешинин фракциялар коалициясы тарабынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Чанчаров Бактыбек Асаналиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Чанчаров Бактыбек Асаналиевич Орловка шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Орловка шаардык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү