Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү

02 июня 2021

2021-жылдын 2-июнунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя, Ырыс, Базар-Коргон районунун Акман, Бешик-Жон, Ноокен районунун Шайдан, Масы, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Токтогул районунун Чолпон-Ата, Кетмен-Төбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Караев Нурбек Адилбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Караев Нурбек Адилбекович Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Дарыя айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.

Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Халилов Таалайбек Жалалович,  айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Парпиев Эмилбек Азимжанович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Халилов Таалайбек Жалалович Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ырыс айылдык кеңешинин 31 депутатынын 28и добуш беришти.

Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Коконов Марсел Асылбекович, Атакулов Амирбек Токторбаевич, Матисаков Күлчоро Дөөлөткелдиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Коконов Марсел Асылбекович Акман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Акман айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Адишов Алтынбек Жапарбаевич, Мамбеталиев Нурмухамед Камалбекович,  айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Мамасалиев Нурбек Нематович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Адишов Алтынбек Жапарбаевич Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бешик-Жон айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Алыкулов Шергазы Мухтарович,  айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Калдаров Кошойбек Давитбекович,  Еркулов Канжарбек Кубанычбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Еркулов Канжарбек Кубанычбекович Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Шайдан айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Эшенкулов Жаныбек Турдумаматович,  айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Нарматов Азамат Эгембердиевич, Нурмаматов Данияр Нурмаматович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Нарматов Азамат Эгембердиевич Масы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Масы айылдык кеңешинин 31 депутатынын 16сы добуш беришти.

Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Секеленов Рыскулбек Самидинович, Карагулова Токторбубу Дүйшөнбековна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Секеленов Рыскулбек Самидинович Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Ирим айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 8и добуш беришти.

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Жаманкулов Өскөн Эсенкулович, Абдыгулов Туратбек Алыкулович, Жумалиев Алмаз Дуулатбекович, Жангараев Мирлан Батырканович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаманкулов Өскөн Эсенкулович Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн М.Абдылдаев айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жумабаева Разакан Абдраимовна, Алишеров Айдарбек Сыдыкович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алишеров Айдарбек Сыдыкович Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 13ү добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү