БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
02 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2-июнундагы жыйналышында Жалал-Абад, Өзгөн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Султанова Диларам Бакиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Дуйшеев Автандил Салиевичке (№ 6, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты Исманалиева Жылдыз Абдимиталиповнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке чарбада иштеген Исмаилов Кубаныч Келдибековичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айылдык кеңешинин депутаты Камилова Калийпа Ташматовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке чарбада иштеген Мамажусупов Иляз Рахматиллаевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Дыйканов Ысман Бөрүбаевичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат жеке ишкер Тагаев Абдирашит Камаловичке өткөрүп берилди.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
