БШК Чүй облусунун айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады

31 мая 2021

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 31-майындагы жыйналышында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Нижнее-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка, Москва районунун Петровка жана Беловодское, Ысык-Ата районунун Ивановского, Ак-Кудук, Милянфан жана Бирдик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Жергиликтүү өз алдынча

башкаруунун аткаруу

органдарынын аталышы

Мандаттардын саны

Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары

ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы

 

Чүй облусу

 

Аламүдүн району

 

1

Нижнее-Аларча айыл өкмөтү

21

20.05.2021

Акаев

Суеркул Султанович

18.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Таш-Дөбө айыл өкмөтү

21

20.05.2021

Курманбаев

Алмазбек Болотбекович

18.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин

3

Маевка айыл өкмөтү

21

26.05.2021

Аликулов

Манас

Нишанбаевич

19.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин

Москва району

1

Петровка

айыл өкмөтү

21

19.05.2021

Абылдаев Улан Сагынбекович

18.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Беловодское айыл өкмөтү

31

26.05.2021

Иманкулова АлмираМаданбековна

18.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин

Ысык-Ата району

1

Ивановка айыл өкмөтү

21

20.05.2021

Самсалиева

Гульбара

Токоновна

18.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Ак-Кудук айыл өкмөтү

11

20.05.2021

Суваналиев

Улан

Шайлообаевич

18.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин

3

Милянфан айыл өкмөтү

11

21.05.2021

Исма

Абдура

Вундизович

19.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин

4

Бирдик айыл өкмөтү

11

21.05.2021

Сыдыков

Аскар

Назарбекович

19.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин

 

 

 

 

 

 

 

                         

Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү