БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

28 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти.

БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 48 344 000 сом суммасында түздү.

АШКлардын саны - 3

АШК мүчөлөрүнүн саны - 36

УШКлардын саны - 326

УШК мүчөлөрүнүн саны - 4478

Ишке тартылган операторлордун саны - 465

ИИМ кызматкерлеринин саны – 658.

Смета шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө керектүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгымдарды, кызматтык сапарларга жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана операторлорду окутуу иш-чараларына чыгымдарды, буюмдарды жана материалдарды сатып алууга чыгымдарды, жабдыктарды жана материалдарды жеткизүү боюнча транспорт чыгымдарын, шайлоону өткөрүүгө керектүү жабдыктарды жана материалдарды (бюллетендерди, маалыматтык материалдарды, анын ичинде баннер, кеңсе товарларын, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саламаттыгынжана боюнча каражаттарды ж.б.) аймактардын ичинде ташуу боюнча транспорт чыгымдарын камтыйт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү