БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти
28 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-майындагы жыйналышында 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Чечим “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 58-беренесинин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 ПЖ Жарлыгы менен 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында кабыл алынды.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо боюнча календардык пландын негизги этаптары
-
Шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү - 2021-жылдын 9-июнуна чейин;
-
Шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү - 2021-жылдын20-июнуна чейин;
-
Шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу (каталарды жана так эместиктерди оңдоо) - 2021-жылдын 2-июлуна чейин;
-
Шайлоочулардын биротоло тизмесин илүү - 2021-жылдын 9-июлуна чейин;
-
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү –2021-жылдын 13-июнунда саат 24.00 чейин
-
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо - 2021-жылдын 20-июнуна чейин;
-
Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү - 2021-жылдын 20-июнунан 2021-жылдын 10-июлунда саат 8.00гө чейин;
-
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү - 2021-жылдын
-
10-июлунда саат 8.00дөн 20.00гө чейин;
-
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо - 2021-жылдын 25-июлуна чейин.
Шилтеме Календардык план
