2021–ж. 28-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

28 мая 2021

Өткөрүү датасы: 28 май 2021-ж.

Убактысы: 17:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И. А. Пирматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

2. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)

4. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

(баяндамачы –Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)

5. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

6. Чүй облусунун Сокулук районунун Кайназарова атындагы, Первомай жана Крупская атындагы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

7. Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Тоң, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү Тууралуу

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

9. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

11. Ар кандай маселелер