Ысык-Көл облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

26 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-майындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булуң, Ак-Булак, Чоң-Таш, Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Айыл кеңешинин аталышы

(шайланган дата)

Мандаттардын саны

Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары

ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы

Ысык-Көл облусу

Түп району

1

Ак-Булуң айыл кеңеши

11

18.05.21

Омуралиев Тыныбек

Тольятович

14-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Ак-Булак айыл кеңеши

11

20.05.21

Кыштобаев

Меркибек

Жолоушиевич

14-июнь 2021

саат 15:00дөн 12:00гө чейин

3

Чоң-Таш

айыл кеңеши

11

20.05.21

Кантороева

Орузган

Бейшеновна

15-июнь 2021

саат 9:00дөн 18:00гө чейин

Жети-Өгүз району

1

Ак-Шыйрак айыл кеңеши

11

21.05.2021

Абдыбекова Салкын

Оразакуновна

14-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

 

Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү