Нарын облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

26 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-майындагы жыйналышында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн, Ак-Талаа районунун Конорчок, Кара-Бүргө жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн, Нарын районунун Учкун, Сары-Ой, Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Айыл кеңешинин аталышы

(шайланган дата)

Мандаттардын саны

Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары

ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы

Нарын облусу

Ат-Башы району

1

Ак-Моюн айыл кеңеши

 

20.05.2021

 

15-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

Ак-Талаа району

1

Конорчок айыл кеңеши

11

17.05.2021

Курманбаев Акылбек Жээнбаевич

15-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Кара-Бүргө айыл кеңеши

11

18.05.2021

Кемелов Билимбек Ильясович

14-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

3

Көк-Жар айыл кеңеши

11

18.05.2021

Мамытов Кумарбек Көчөрбаевич

15-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

Нарын району

1

Учкун айыл кеңеши

 

21

19.05.2021

Тостоков Кылычбек Абдраимович

15-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Сары-Ой айыл кеңеши

11

19.05.2021

Нуркалый уулу Руслан

14-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

3

Он-Арча айыл кеңеши

11

20.05.2021

Касымалиев Айтбек Төрөгелдиевич

15-июнь 2021,

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

4

Кара-Кужур айыл кеңеши

11

19.05.2021

Исмаилов Амантур Жумадилович

15-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

 

Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү