КР БШК 4 шаардын мэрлерин шайлоону дайындады
25 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-майындагы жыйналышында Нарын облусунун Нарын шаарында, Ош облусунун Ноокат шаарында, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаарларында мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
