Жалал-Абад облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

25 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү, Көк-Серек, Ак-Там, Аксы районунун Кош-Дөбө, Ак-Суу айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Айыл кеңешинин аталышы

(шайланган дата)

Мандаттардын саны

Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары

ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району

1

Өрүктү айыл кеңеши

21

17.05.2021

Үсенбаева

Калчабу

Сатимбаевна

10-июнь 2021
с 9-00 до 12-00

2

Көк-Серек айыл кеңеши

21

18.05.2021

Эсеналиев

Белек

Акпаралыевич

10-июнь 2021
с 15-00 до 18-00

3

Ак-Там айыл кеңеши

21

19.05.2021

Осмонов

Абдирахим

Абдибалиевич

11-июнь 2021
с 9-00 до 12-00

Аксы району

1

Үч-Коргон айыл кеңеши

31

14.05.2021

Токторбеков

Арзыбай

Камбаралиевич

10-июнь 2021
с 9-00 до 12-00

2

Кош-Дөбө айыл кеңеши

21

14.05.2021

Карабаев

Кубанычбек

Давлеталиевич

10-июнь 2021
с 15-00 до 18-00

3

Ак-Суу айыл кеңеши

21

16.05.2021

Сооронбаев

Медербек

Осмонбекович

11-июнь 2021
с 9-00 до 12-00

 

Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү