КР БШК Ош жана Токмок АШК курамдарын таркатты

20 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын таркатуу жөнүндө токтом кылды.

"Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы №192 токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо жөнүндө чечим кабыл алынган.

"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-майындагы №196 токтому менен Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо жөнүндө чечим кабыл алынган.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 6, 7, 18, 20, 24-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу" Жобону жетекчиликке алып, КР БШК Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын таркатуу жөнүндө токтом кылды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратына үч календарлык күн ичинде Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамдарын түзүү тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү