КР БШК Талас АШК курамын таркатты
21 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жөнүндө токтом кылды.
"М. Назаркуловдун арызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы №103 чечими менен жогору турган шайлоо комиссиясынын мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынган чечимин аткарбагандыгы үчүн Талас аймактык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө маселени кароо чечими кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 6, 7, 18, 20, 24-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу" Жобону жетекчиликке алып, КР БШК Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жөнүндө токтом кылды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратына үч календарлык күн ичинде Талас аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
