БШК 6 шаардын мэрлерин шайлоону дайындады

21 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Талас, Каракол, Чолпон-Ата, Кант, Кочкор-Ата, Өзгөн шаарларында мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды.

2021-жылдын 19-майында Талас облусунун Талас шаарында, 2021-жылдын 20-майында Чүй облусунун Кант шаарында, 2021-жылдын 10-майында Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында, 2021-жылдын 17-майында Ош облусунун Өзгөн шаарында, 2021-жылдын 17-майында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, 2021-жылдын 18-майында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында шаардык кеңештердин жаңы шайланган депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, КР БШК Талас, Каракол, Чолпон-Ата, Кант, Кочкор-Ата, Өзгөн шаарларында төмөнкү күндөрү мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды:

Талас шаары:

Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Каракол шаары:

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Чолпон-Ата шаары:

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Кант шаары:

Чүй облусунун Кант шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Кочкор-Ата шаары:

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Өзгөн шаары:

Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү