Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

19 мая 2021

2021-жылдын 19- майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү тууралуу токтом кабыл алынды.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өткөн.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37,38,40,51,59-1, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кабыл алды.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырат.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү