БШК КР ЖК депутаты З.К. Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
14 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-майындагы жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысалиев Зарылбек Кылычбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 10-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 5-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 9-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык КР ЖК депутаты З.К. Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну токтом кылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысалиев Зарылбек Кылычбековичтин күбөлүгү анык эмес деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
