КР БШК кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
13 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Рамазан айын жыйынтыктаган Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
Орозо айт жаркын майрамы динге ишенүүчү адамдардын турмушунда чоң мааниге ээ. Ар бир мусулман үчүн Рамазан орозо кармоо айы эле эмес, ал ошондой эле жакшылыктын, жыргалчылыктын, өз ара жардамдашуунун жана өз ара түшүнүшүүнүн айы.
Орозо кармаган отуз күн динге ишенүүчү адамдарга ички дүйнөсүнүн тазаланып, жаңылануусуна, ыйман, адеп-ахлак сапаттарынын бекемделишине, үй-бүлөдөгү, коомдогу жана өлкөдөгү бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак үчүн изги иштерди жасоого дем берген.
КР БШК Кыргыз Республикасынын жарандарына чың ден соолук жана ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, кубаныч тартуулоочу ийгиликтерди жана бакыт-таалай каалайт! Сүйүктүү Кыргызстаныбызда биримдик жана гүлдөп-өнүгүү болсун!
