Ноокен АШК Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү өткөрөт
11 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-майындагы жыйналышында “Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө” Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 45 чечимин бекитүүнү токтом кылды.
КР БШК токтому менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 346 600 (үч жүз кырк алты миң алты жүз) сом суммасында бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттешип, шайлоочулардын тизмелери менен иштөөнү камсыздайт.
Токтом “Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө” Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 45 чечиминин негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 38-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 25-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
Ноокен АШКнын чечими менен мында таанышууга болот
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
