БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

11 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-майындагы жыйналышында жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Буура, Сокулук, Сузак жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.

Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Таиров Халилдин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Низамов Хайрулла Кочкоровичке өткөрүп берилди.

Депутаттын жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Толонов Фахридинбек Мурзаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Мамараимов Абдихамид Саитовичке өткөрүп берилди.

Депутаттын жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Айтбай уулу Асхаттын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат айдоочу Атакулов Абдыганы Алибаевичке өткөрүп берилди.

Берген жеке арызынын негизинде Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Шекербеков Таласбек Жээнбековичке өткөрүп берилди.

Депутаттын жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаты Матмуратов Сулайманкул Махамматовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат окутуучу Тойбаева Дилара Эркинбековнага өткөрүп берилди.

Берген жеке арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Жаныбаев Абдижалил Тагеровичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат кесиптик лицейдин башкы бухгалтери Мамбетов Нурланбек Исмаилбековичке өткөрүп берилди.

Берген жеке арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык кеңешинин депутаты Жолдошов Жылдызбек Маматовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Орозбаев Уларбек Жанубековичке өткөрүп берилди.

Токтом «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү