Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы чакырылды

11 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 17-майына чакыруу чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралындагы № 19 Мыйзамы менен Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши түзүлдү.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы № 188 токтому менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилди.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы, шаардагы жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакыртылат”. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 17-майына чакыруу чечимин кабыл алды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү