Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

01 мая 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Талас шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 22102 болсо, анын 9871 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 44,66%ды түзөт.

Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Талас шаарынын аймагында 10 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Талас аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 11 саясий партиянын тизмесинде 558 талапкер катталган (алардын ичинен: 324 эркек, 234 аял).

2021-жылы 27-апрелде Талас  аймактык шайлоо комиссиясы Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 11 партиянын ичинен 5 партия өттү:
1. «Аманат» - 19,29 % 
2. «Асыл Мурас-Жаштар» - 19,23 % 
3. «Ыйман Нуру» - 11,32 %                  
4. «Республика» - 10,37 % 
5. «Кыргызстан» - 8,60 %    

Талас шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Аманат» - 9 мандат;
2. «Асыл Мурас-Жаштар» - 8 мандат; 
3. «Ыйман Нуру» - 5 мандат; 
4. «Республика» - 5 мандат; 
5. «Кыргызстан» - 4 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү