Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30 апреля 2021
2021-жылдын 11-апрелинде Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Сүлүктү шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 10819 болсо, анын 5188 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 47,97%ды түзөт.
Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Сүлүктү шаарынын аймагында 13 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.
2021-жылы 11-мартта Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 7 саясий партиянын тизмесинде 378 талапкер катталган (алардын ичинен: 241 эркек, 137 аял).
2021-жылы 23-апрелде Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 7 партиянын ичинен 7 партия өттү:
1. «Өнугуу-Прогресс» - 21,24%
2. «Ынтымак» - 16,96%
3. «Ыйман Нуру» - 14,44%
4. «Жаны-Доор» - 12,95%
5. «Замандаш» - 11,28%
6. «Республика» - 10,91%
7. «Ата-Журт Кыргызстан» - 10,60%
Сүлүктү шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Өнугуу-Прогресс» - 7 мандатов;
2. «Ынтымак» - 5 мандатов;
3. «Ыйман Нуру» - 5 мандатов;
4. «Жаны-Доор» - 4 мандата;
5. «Замандаш» - 4 мандата;
6. «Республика» - 3 мандата;
7. «Ата-Журт Кыргызстан» - 3 мандата.
"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК Маалымат бөлүмү
