Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 18 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун, Ивановка, Сын-Таш, Юрьевка, Нурманбет, Красная - Речка, Кочкорбаев, Жээк, Ак-Кудук, Бирдик, Узун-Кыр, Интернациональный, Туз, Ысык-Ата, Люксембург, Логвиненкого, Ново-Покровка жана Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.
Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
