Ош облусунун Өзгөн районунун 19 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

30 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш, Куршаб, Кароол, Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Жылалды, Ийри-Суу, Чангет, Зергер, Дон-Булак, Жазы, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Колдук, Ак-Жар, Алтын-Булак жана Мырза-Аке айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.

Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү