Көк-Жаңгак  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

29 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Көк-Жаңгак  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Көк-Жаңгак  шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 5895 болсо, анын 1755 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул29,77%ды түзөт.

Көк-Жаңгак  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Көк-Жаңгак    шаарынын аймагында 6 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Көк-Жаңгак  аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 3 саясий партиянын тизмесинде 102 талапкер катталган (алардын ичинен: 66 эркек, 36 аял).

2021-жылы 16-апрелде Көк-Жаңгак    аймактык шайлоо комиссиясы Көк-Жаңгак  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Көк-Жаңгак    шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 3 партиянын ичинен 3 партия өттү:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 45,64%  
2. «Өнүгүү-Прогресс» - 26,72% 
3. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» - 26,21% партиянын ичинен 3 партия өттү:

Көк-Жаңгак шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 10 мандат; 
2. «Өнүгүү-Прогресс» - 6 мандат; 
3. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» - 5 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү