Чүй облусунун Чүй районунун 10 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
29 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегете, Бурана, Ак-Бешим жана Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.
Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
