Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

29 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Ноокат шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 8777  болсо, анын 2599 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 29,61%ды түзөт.

Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Ноокат шаарынын аймагында 5 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Айдаркен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 5 саясий партиянын тизмесинде 162 талапкер катталган (алардын ичинен: 95 эркек, 67 аял).

2021-жылы 25-апрелде Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.

Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Ноокат  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 5 партиянын ичинен 5 партия өттү:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 28,75%  
2. «Бир Бол» - 27,90%  
3. «Партия труда» - 16,20% 
4. «Замандаш» - 13,16%  
5. «Аманат» - 11,88%  

Ноокат шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 6 мандат; 
2. «Бир Бол» - 6 мандат; 
3. «Партия труда» - 3 мандат;
4. «Замандаш» - 3 мандат; 
5. «Аманат» - 3 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү