Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз  районунун 12 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

28 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Ысык-Көл  облусунун  Жети–Өгүз районундагы  Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Светло Поляна, Дархан, Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Ак-Шыйрак,  Кызыл-Суу жана Оргочор айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Жети -Өгүз  аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.

Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү