Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

28 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. 

Нарын шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 31005 болсо, анын 11550 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 37,25%ды түзөт.

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Нарын  шаарынын аймагында 21 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 9 саясий партиянын тизмесинде 439 талапкер катталган (алардын ичинен: 270 эркек, 169 аял).

2021-жылы 20-апрелде Нарын аймактык шайлоо комиссиясы Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 9 партиянын ичинен 7 партия өттү:
1. «Улуу Кыргызстан» - 12,75% 
2. «Өнүгүү Прогресс» - 12,45% 
3. «Ыйман-Нуру» - 11,01% 
4. «Республика» - 9,41% 
5. «Ордо» - 14,37% 
6. «Власть народу» - 14,86% 
7. «Патриот ынтымагы» - 13,32%

Нарын шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Улуу Кыргызстан» - 5 мандат; 
2. «Өнүгүү Прогресс» - 4 мандат; 
3. «Ыйман-Нуру» - 4 мандат; 
4. «Республика» - 3 мандат; 
5. «Ордо» - 5 мандат; 
6. «Власть народу» - 5 мандат; 
7. «Патриот ынтымагы» - 5 мандат

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК Маалымат бөлүмү