Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
26 апреля 2021
2021-жылы 11-апрелде Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кербен шаарындагы шайлоочулардын жалпы саны 16966, анын ичинен 5689 шайлоочу шайлоого катышкан, бул 33,53% түзөт.
Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кербен шаарынын аймагында 10 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.
2021-жылдын 11-мартында Кербен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 5 саясий партиянын тизмесине 246 талапкер катталган (анын ичинен: 165 эркек, 81 аял).
2021-жылдын 15-апрелинде Кербен аймактык шайлоо комиссиясы Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.
Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 5 партиянын ичинен 5 партия тең өттү: 1. «Ынтымак» - 30,42%
2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 27,89%
3. «Бүтүн Кыргызстан» - 23,33%
4. «Республика» - 9,13%
5. «Өнүгүү-Прогресс» - 8,44%.
Кербен шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. "Ынтымак" - 9 орун;
2. "Ата Журт Кыргызстан" - 9 мандат;
3. "Бүтүн Кыргызстан" - 7 мандат;
4. "Республика" - 3 мандат;
5. "Өнүгүү-Прогресс" - 3 мандат.
"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын тийиштүү аймактарда аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК Маалымат бөлүмү
