Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
26 апреля 2021
2021-жылы 11-апрелде Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Майлуу-Суу шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 12802, анын ичинен шайлоого 5094 шайлоочу катышкан, бул 39,79% түзөт.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Майлуу-Суу шаарынын аймагында 8 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү.
2021-жылдын 11-мартында Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 5 саясий партиянын тизмесинде 306 талапкер катталган (анын 201и эркектер, 105и аялдар).
2021-жылдын 15-апрелинде Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 5 партиянын ичинен 4 партия өттү:
1. «Ынтымак» - 44,38%
2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 24,26%
3. «Өнүгүү-Прогресс» - 16,13%
4. «Ыйман Нуру» - 10,97% .
Майлуу-Суу шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. "Ынтымак" - 14 орун;
2. "Ата-Журт Кыргызстан" - 8 мандат;
3. "Өнүгүү-Прогресс" - 5 мандат;
4. "Ыйман Нуру" - 4 мандат.
"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын тийиштүү аймактарда аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК Маалымат бөлүмү
