Нарын облусунун Нарын районунун 15 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды
26 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук, Дөбөлү, Достук, Жерге-Тал,Жан-Булак, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Миң-Булак, Орток, Он-Арча, Сары-Ой, Учкун, Чет-Нура, Эмгекчил жана Эмгек-Талаа айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
