Чүй облусунун Панфилов районунун 6 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды
26 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районунун Орто, Курама, Вознесенка, Күрпүлдөк, Чалдыбар жана Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
