Талас облусунун  Кара-Буура районунун 7 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

25 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Аманбаев, Маймак, Ак-Чий, Бакайыр, Чолпонбай жана Кара-Буура айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү. 

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү