Нарын облусунун Кочкор районунун 11 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды
25 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кий, Кочкор, Кош-Дөбөн, Көк-Жар, Кум-Дөбөн, Кара-Суу, Семиз-Бел, Соң-Көл, Сары-Булак, Талаа-Булак жана Чолпон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
