Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 8 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

25 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чуй облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш, Э,Аралбаев, Бел-Алды, А.Суеркулов, Жаңы-Жол, Кетмен-Төбө, М.Абдылдаев, Ничке-Сай, Үч-Терек Токтогул айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү