Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 14 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

24 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке, Каракол, Отрадный, Ак-Чий, Ак-Булун, Боз-Учук, Кереге-Таш, Эңилчек, Жыргалаң, Теплоключенко, Октябрь, Челпек, Бөрү-Баш, жана Кара-Жал айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү. 

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү