Ош облусунун Чоң-Алай районунун 3 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды
24 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чон-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 51, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
