КР БШК Р. Сополованын арызын канааттандырган жок

23 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-апрелиндеги отурумунда Р. Сополованын Э.Султановду жоопко тартуу жана талапкер Е.Б.Султанованы каттоону жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты.

 2021-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын БШКсына Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылдык кеңешинин талапкери Р. Сополовадан Таш-Булак айыл башчысы Э. Султановго карата арыз келип түшкөн.

Р. Сополова өз арызында талапкер Султанова Еркина Бекмурзаевнанын жубайы Э.Султанов тарабынан "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-1-беренесинин ченемдерин бузулган, анткени шайлоо өнөктүгү учурунда шайлоочуларга өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кысым көрсөткөндүгүн билдирет.

 Арыз ээси шайлоо мыйзамдарынын ченемдери жана анын талапкер катары укуктары бузулган деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, арыз ээси Э.Султановду (талапкердин жубайы) кылмыш жоопкерчилигине тартууну жана талапкер Е.Б.Султановага жасаган аракеттери үчүн берилген добуштарды жараксыз деп табууну суранат.

2021-жылдын 23-апрелиндеги Жумушчу топтун отурумуна берилген арызда көрсөтүлгөн бардык жагдайларды тактоо үчүн, арыз ээси Р. Сополова чакырылган.

Арыз ээсин угуп, ошондой эле арызды жана берилген материалдарды карап чыккандан кийин төмөнкүлөр аныкталды.

 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 17-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (мындан ары – мыйзам) “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу – бул талапкерлер, кызматтагы адамдар, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын мүчөлөрү жана негиздөөчүлөрү  тарабынан алардын үлүшү 30 пайыздан ашкан мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мамлекеттик (муниципалдык) мекемелердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин үстүнөн алган көзөмөлдүн натыйжасында, бардык талапкерлердин теңчилигин бузуп, тигил же бул талапкерлерди жана саясий партияларды  саясий колдоо же колдоонун башка түрүнө трансформациялана турган финансынын үстүнөн, аларды бөлүштүрүүлөрдүн үстүнөн көзөмөл кылуу, адамдык, финансылык, материалдык, медиалык жана институционалдык ресурстарды мыйзамсыз колдонуу”.

Мындан тышкары, Жумушчу топтун отурумунда Р. Сополова арызда көрсөтүлгөн аргументтер ага 2021-жылдын 12-апрелинде гана белгилүү болгонун белгиледи.

Ушуга байланыштуу мыйзамдын 42-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, “Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектиси өзүнүн шайлоо укуктарынын бузулгандыгы жөнүндө чечим, кабыл алынган  чечим, жасалган аракеттер (аракетсиздик)  белгилүү болгон учурдан тартып, бирок 3 календарлык күндөн кечиктирилбей токтоосуз берилет".

 Ошол эле учурда, шайлоо мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар, даттануулар менен мамлекеттик же башка органдардын чечимдерине жана (же) аракети (аракетсиздиги) боюнча кайрыла алышат. Арыздар, даттануулар негиздүү болушу керек жана аларга негизделген далилдер менен кошо берилиши керек.”

 

Буга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Р. Сополова тарабынан Жумушчу топтун жыйынында анын жүйөлөрүн жана көмөкчү материалдарын тастыктаган бир дагы далил келтирилген жок.

Жогоруда келтирилгендердин негизинде, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 17-1, 41-42-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерин, 2017-жылдын 7-июлунда КР БШКнын №212-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессинин жана башка субьектилердин (катышуучулардын) жана шайлоочулардын арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алуу менен, КР БШК Э. Султанованы жоопко тартуу жана талапкер Е. Б. Султанованын каттоосун жокко чыгаруу боюнча Р. Сополованын арызын канааттандыруудан баш тартты.

КР БШК Маалымат бөлүмү