Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
23 апреля 2021
2021-жылдын 11-апрелинде Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кайыңды шаарындагы шайлоочулардын саны 5888 адамды түзөт, алардын 2391и шайлоого катышты, бул 40,61%ды түзөт.
Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кайыңды шаарынын аймагында 4 шайлоо участогу жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү.
2021-жылдын 11-мартында Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 6 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 205 талапкер, анын ичинде 122 – эркек, 83 – аял).
2021-жылдын 16-апрелинде Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 6 саясий партиянын 5 партиясы 7%дык тоскоолдуктан өттү:
- «Борбор» – 41,5%;
- «Ыйман-Нуру» – 16,5%;
- «Күчтүү коом» – 15,1%;
- «Уулу-Журт» – 10.3%;
- «Тынчтык»–10,2%.
Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- «Борбор» – 9 мандат;
- «Ыйман-Нуру» – 4 мандат;
- «Күчтүү коом» – 4 мандат;
- «Уулу-Журт» – 2 мандат;
- «Тынчтык»–2 мандат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
