Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
23 апреля 2021
2021-жылдын 11-апрелинде Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кемин шаарындагы шайлоочулардын саны 7 503 адамды түзөт, алардын 3063ү шайлоого катышты, бул 40,82%ды түзөт.
Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кемин шаарынын аймагында 6 шайлоо участогу жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү.
2021-жылдын 11-мартында Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 9 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 322 талапкер, анын ичинде 194 – эркек, 128 – аял).
2021-жылдын 15-апрелинде Кемин аймактык шайлоо комиссиясы Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 9 саясий партиянын 6 партиясы 7%дык тоскоолдуктан өттү:
- «Патриот Ынтымагы» – 33.17%;
- «Замандаш» – 12.70%;
- «Адилет» – 12.18%;
- «Кыргызстан» – 10.22%;
- «Эмгек» – 9.57%;
- «Социал-демократтар» – 7.57%.
Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- «Патриот Ынтымагы» – 8 мандат;
- «Замандаш» – 3 мандат;
- «Адилет» – 3 мандат;
- «Кыргызстан» – 3 мандат;
- «Эмгек» – 9.57% 2 мандат;
- «Социал-демократтар» – 2 мандат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
