Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
23 апреля 2021
2021-жылдын 11-апрелинде Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кара-Көл шаарындагы шайлоочулардын саны 15669 адамды түзөт, алардын 6397си шайлоого катышты, бул 40,83%ды түзөт.
Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кара-Көл шаарынын аймагында 9 шайлоо участогу жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү.
2021-жылдын 11-мартында Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 7 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 350 талапкер, анын ичинде 236 – эркек, 114 – аял).
2021-жылдын 15-апрелинде Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 7 саясий партиянын 7 партиясы 7%дык тоскоолдуктан өттү:
- «Замандаш» - 21,26%;
- «Ата-Журт Кыргызстан» - 15,88%;
- «Энергетиктер» - 14,96%;
- «Бирге-Вместе» - 13,11%;
- «Ыйман Нуру» - 12,61%;
- «Мекен Ынтымагы» - 10%;
- «Ынтымак» - 9,02%.
Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- «Замандаш» - 7 мандат;
- «Ата-Журт Кыргызстан» - 5 мандат;
- «Энергетиктер» - 5 мандат;
- «Бирге-Вместе» - 4 мандат;
- «Ыйман Нуру» - 4 мандат;
- «Мекен Ынтымагы» - 3 мандат;
- «Ынтымак» - 3 мандат.
Шайлоону даярдоо мезгилинде КР БШКга “Ыйман Нуру” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кара-Көл шаарынын мэри, депутаттыкка талапкер И. Еркеев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ЖМК аркылуу “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыкка башка талапкер тууралуу жалган маалымат таратууда деген даттануу 2021-жылдын 19-мартында кир. № 09-14/872 түшкөн. Чечим чыгаруу үчүн даттануу Кара-Көл АШКсына берилген. Кара-Көл АШКнын 2021-жылдын 23-мартындагы №5 чечими менен И. Еркеевге VI категориядагы айып пул (12500сом) салынды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

