Аймактык шайлоо комиссиялары референдумда тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аяктоодо
24 апреля 2021
Райондук жана шаардык аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аяктоодо. 50 АШКда чечимдер кабыл алынды.
Кыргызстанда референдумда 54 аймактык жана 2483 участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) 31 миңден ашык мүчөсү менен иш жүргүздү.
Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн кол менен саноонун протоколдорунун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен АШК тарабынан жүзөгө ашырылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшергенден кийин аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен шаардын, райондун тиешелүү аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча АШК жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага участкалардын саны, келип түшкөн протоколдордун саны, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматтары жазылат.
Анда шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) милдеттүү түрдө карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесине ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берилген күндөн тартып 35 календардык күндөн кечиктирбестен референдумдун натыйжаларын аныктайт.
Эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын 30 пайызынан көбү добуш берүүгө катышса, Борбордук шайлоо комиссиясы референдумду болуп өттү деп тааныйт.
Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган бюллетендердин саны боюнча аныкталат.
Эгерде добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жарымынан көбү коюлган маселе үчүн добуш берсе, Борбордук шайлоо комиссиясы чечимди референдумда кабыл алынган деп тааныйт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
